Өткөн жылы “Ош сүт” ишканасы 2014-жылы 1 миллион сомго жакын салык төлөгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган ишкананын жетекчиси Жакыпаалы Атакулов билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана Союз учурунда бир күндө 30 тоннадан ашык сүт азыктарын иштеп чыгарчу. Бүгүн бул ишкананын ишмердүүлүгү менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жеринде таанышып чыкты.
“Сезон учурунда 3-4 тонна, ал эми кыш мезгилдеринде 1 тонна гана сүт азыктары өндүрүлөт. Өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшүнө ички жана тышкы негиздүү себептери бар. Сүт азыктарын иштетүү багытында атаандаштыктын күч алышынан улам атаандаштар сүттү сатып алуунун баасын жогорулатуу, ал эми өндүрүлгөн продукцияларды сатыкка коюуда бааны төмөндөтүү менен байланышат. Мал чарбачылыгы шаар ичинде жайгашкандыктан, продукцияны өздөрү өндүрүү үчүн дээрлик шарт жок. Азыктандыруу көйгөйү болгондуктан, өзүн актабайт. Ошол себептен продукциянын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу, сатып өткөрүү багытындагы маселелер ачык бойдон калууда”,- дейт Ж.Атакулов.
Шаар мэри ишкана менен жеринен таанышып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына аталган акционердик коомдун продукцияларын тендерден өткөрүүнү табыштады. Ошондой эле фирмалык дүкөндөрдү ачуу үчүн жер бөлүп берүү буйругун Жапалак аймактык кеңешинин төрагасына тапшырды.
Айта кетсек, былтыр бул ишкана менен 8 мектеп келишим түзгөн. Быйыл 30 мектеп менен келишим түзүү пландалууда.