Ысык-Көл облусунан дагы 3 үй-бүлөнүн Сирияга кеткени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган облустун Тоң районунда жашаган үч үй-бүлө Сирияга кеткен. Учурда алардын эмне себептен ал жакка кетишкени аныкталууда.
Буга чейин Каракол шаарынан 2 үй-бүлөнүн Сирияга кеткени айтылган эле.