Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул тууралуу буйрукка өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кечээ, 12-февралда кол койду. 

Министрликтен билдиришкендей, буйрукка ылайык, Гидрометеорология агенттигинин иши күчөтүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринен куралган нөөмөт наряды түзүлдү. 

Айта кетсек, мындан эки күн мурун аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Кара-Буура районунда сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аталган аймакта сел коркунучу сакталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан