Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн биринин короосун суу каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 22:50 чамасында катуу жааган жаандын натыйжасында аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосун жана чарбалык курулуштарын суу каптаган. Жүргүзүлгөн бир катар иш-чаранын алкагында саат 01:30да суунун нугу башка бош арыктарга бурулду. Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, суу каптоо
коркунучу жоюлду.