Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары үй камагына чыгарылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарган.

Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары “Ак-Кеме” мейманканасы менен Каржы министрлигинин ортосундагы талаштуу маселени чечип берүү үчүн С.Р. аттуу жарандан 75 миң доллар алып, менчиктеп алганы айтылган. Анын негизинде кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан