Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, Өзгөн районунда турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Борбор калаанын 6-кичи районундагы соода күркөсүнөн өрт чыкты. Учурда соода күркөсүнүн ээси такталууда. Өрттүн келип чыгуусуна электр калканынын күйүшү себеп болгон. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, темир менен жабылган, жалпы аянты 90 чарчы метр турак үйдүн, курулуш чарбанын чатырлары күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан