Бишкекте унаа уурдоого шектелген 2 кыз кармалды

Борбор калаада унаа уурдоого шектелген 2 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаасын Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен жол боюна токтотуп кетип, кайра келип таппай калганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Кара-Балта шаарынын жана 18 жаштагы Токмоктун тургундары кармалышкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
windom
2015-02-13 10:57:53
Кыздардын кылбаганы ушул эле калды эле акыры жасышыптыр да....Кыздар жасабаган жаман иштер калбады окшойт,болсо ким атап берет?
+2
aiba_00
2015-02-13 11:22:18
Эр журок кыздар го, машинени айдай качса, Кудай ыйман ынсап бере кор, балдарга да кыздарга да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан