Бишкек шаарында тоноочулук фактысына шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 11-февраль күнү кечинде Тоголок Молдо - Долон көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки жаран бычак менен коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жана 18 жаштагы жарандар кармалышты. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.