Борбордо "кенже класстардын окуучуларынан акча талап кылган" деген шек менен 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Борбор калаада "кенже класстардын окуучуларынан акча талап кылган" деген шек менен 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жогорку класстын окуучулары 12 жаштагы окуучуну коркутуп, 10 миң сом акчасын тартып алышкан. Андан сырткары милицияга арыз менен 36 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал анын баласынан жогорку класстын окуучусу 1,5 миң сом талап кылганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан