Чүй облусунда пара алып жаткан жеринен айылдык кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Москва районундагы Петровка айылдык кеңешинин депутаты жергиликтүү тургундан 400 миң сом талап кылган. Бул үчүн ал 25 гектар жер тилкесине байланыштуу талаштуу маселени чечип берүүнү убада кылган. Бир канча күн иликтөө иштери жүрүп, депутат 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.