2014-жылы жол-кайгуул кызматкерлерине карата 14 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралдагы маалымат жыйыны учурунда Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко билдирди.
Анын айтымында, ар кандай эрежелерди бузганы үчүн 307 жол-кайгуул кызматкери жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле 8 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулса, 4 кызматкер терс мотивдер боюнча жумуштан алынган. Ал эми козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.