Борбор калаанын визуалдык көрүнүшүн оңдоо жана жакшыртуу максатында былтыр бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын алкагында борбордун аймагынан ар кандай мыйзам бузуулары бар 349 тышкы жарнак аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда маалымат жыйынында мэриянын Жарнама департаментинин жетекчиси Салия Борбиева билдирди.
“Биздин департамент жүргүзгөн иштердин алкагында борбордун аймагынан 124 жарнактын келишиминин мөөнөтү аяктаганы аныкталган. Андан сырткары 81 чоң көлөмдүү жарнак такталары мыйзамсыз орнотулганы белгилүү болгон. Ошондой эле кичинекей көлөмдөгү 575 жарнама мыйзамсыз илинген”,- деди С.Борбиева.