"Кудайберген" базарында тышкы жарнактардын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз илинген. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда маалымат жыйынында Жарнама департаментинин бөлүм башчысы Канат Кулуев билдирди.
“Аталган базарда жарнама илүүдө мыйзам бузуулар көп. Биз ай сайын ал жактагы жарнамаларды иретке келтирип, тазалайбыз. Тилекке каршы, биз жыйнаганыбыз менен, эртеси күнү ал жарнамалар кайра жасалып илинүүдө. Себеби калаада арзан баада тышкы жарнактарды жасаган жеке ишканалар көп”,- деди К.Кулуев.