Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2010-жылы 19 миллиард метр кубга жеткен. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында айтылды. 2011-2012-2013-жылдары 13 миллиард метр кубдун терегиндеги суу агып кирсе, өткөн жылы 12 миллиард метр кубга жеткен.
Ал эми сууну агызып чыгарууда 2011-жылдан бери эл аралык норма сакталган эмес. Маалыматка ылайык, 2010-жылы 10 миллиард метр куб суу агызылса, 2011-жылы 14 миллиард 146 миллион метр куб, 2012-2013-жылдары 14 миллиард, 2014-жылы 14 миллиард 116 миллион метр куб суу агызылып чыгарылган.
Жыйында фракция мүчөлөрү өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: “Суу канчалык көп иштетилип жатканы менен, электр энергиясы аз чыгууда. "Өкмөттүн күнөөсү жок, кургакчылык болуп жатат" деп актанасыңар. Ширшовдун схемасы иштеп жатканы көрүнүп турат”,- дешти.