Бишкек шаардык бийлик өкүлдөрү ата-энелер менен жолугуп, ысык тамак уюштуруу маселесине дагы бир ирет токтолушту

Шаардык бийлик өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда №67-мектеп-гимназиясында мектептерде жана бала бакчаларда ысык тамак маселеси талкууланды. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, ага вице-мэр Айгүл Рыскулова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, аталган башкармалыктын өкүлдөрү, “Чын-Муун” коомдук фондунун өкүлдөрү, кулинария тармагындагы адис жана ата-энелер катышты.

Анда Билим берүү башкармалыгынын башчысы билим берүү тармагы боюнча жана анын ичинде ысык тамак уюштурууга токтолду. Ал эми вице-мэр Айгүл Рыскулова ата-энелер кеңеши менен иштешүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. “Менин оюмча, ата-энелердин колдоосу менен гана биз шаарда билим берүүнүн сапатын жакшырта алабыз. Белгилей кетсем, жалпы билим берүү мекемелеринде ысык тамак уюштуруу жергиликтүү жана шаардык бюджеттин эсебинен болот”,- деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында ата-энелер сунуштарды айтууга, суроолорго жооп алууга шарт түзгөнү үчүн мэрияга жана Билим берүү башкармалыгына ыраазычылык билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан