Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө “Ханнса Зайделя” фондунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер, Германия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин орун басары Андрес Лундгрэн жана Германия мамлекетинин мурунку вице-спикери Эдуард Осфальд болушту.
Коноктор менен аталган өкүлчүлүктүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева жолугуп, Германия менен Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн алаканын негизинде көп иш-аракеттер болуп жатканына токтолду.
Ошондой эле КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган адистердин Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу орду чоң экенин белгиледи.
Ал эми германиялык өкүлдөр адистерге билим берүүдө жаңы ыкмаларды колдонуп жатышканын жана өкмөттүк кызматта эмгектенип жаткан адистердин билимин жогорлатуу максатында ар бир квартал сайын барып окуп туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтышты.
Аталган академиянын ишин жакшыртуу негизинде өкүлчүлүктөр тарабынан сунуштар болсо, аны кабыл алууга даяр экенин билдиришти. Муну менен катар Кыргызстандын бир гана окуу тармагында болуп жаткан иш-аракеттер менен чектелбей, 2015-жылды КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин "Экономиканы өнүктүрүү жылы" деп бекеринен жарыялабаганына токтолуп, келечекте Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл облусу чоң ийгиликтерге жетишерине тилектеш экендигин айтышты.