Кечээ, 23-ноябрда Ош шаарынын мэриясы Гапар Айтиев жана Баялы Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинин мурдагы жана азыркы көрүнүшүн салыштырган видео жарыялады.
Видеодон шаардагы жол инфраструктурасынын кандай өзгөргөнүн даана көрүүгө болот. Мурда унаалар көп топтолгон кесилиште бүгүн эстакада көпүрө, айланма жолдор курулуп, транспорт кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Кадрларда жаңыланган жолдор менен унаалардын тыгынсыз каттап жатканын, жол түйүнүнүн мурдагы көрүнүшүнөн азыркы абалына чейинки айырмачылыкты байкоого болот.