Биз социалдык тармакта

"Жамийла" мюзиклинен эргүү алган жаштар Стамбулду жаңырта ырдашты (видео)

Түркиянын Стамбул шаарында "Жамийла" мюзикли тартуулангандан кийин андан эргүү алган кыргыз жаштары көчөдө комуздун коштоосунда "Тоолор" ырын аткарышты. Бул тууралуу социалдык тармактарга видео жарыяланды.

Видеодо бир топ жаштар шаңдуу ырдап жатканын, алардын айланасына жергиликтүү тургундар жана өтүп бара жаткандар чогулганын көрүүгө болот.

Видеонун автору: "Түрк эли таң калып карап калышты. Биз кыргызбыз, тоолорубузду сагындык", - деп жазды.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Стамбулдагы Ататүрк маданий борборунда Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде сахналаштырылган мюзиклди тартуулашты.


Стамбулда кыргыз жаштары "Тоолор" чыгармасын ырдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан