Таштандыны баш аламан таштаган ишканага 5 миң сом айып салынды

“Кыргызкоммунпроект” акционердик коомуна курулуш таштандыларын баш аламан таштаганы боюнча айып салынды. Бул тууралуу 13-февралда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы жана Биринчи Май районунун СЭИ кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүлүп, Ахунбаев көчөсү, №119-а дарегинде жайгашкан “Кыргызкоммунпроект” акционердик коомуна эреже бузгандыгы үчүн протокол түзүшкөн. Ал Биринчи Май райондук администрациясынын комиссиясынын кароосуна жиберилген. “Кыргызкоммунпроект” ишканасына 5000 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Ошондой эле курулуш таштандылары чыгарылып, аталган аймак иретке келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya79
2015-02-13 13:29:12
Негизи Иса Омуркулов мер болуп турган кезде,контейнер толгондо ашып кычый электе алып кетчи.ал эми азыр толмоктугул уйунду каптап келип калат.жакшы иштебейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан