Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоорун уктуруу болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда шаар мэри Салайдин Авазов шаардагы аймактык башкарууларда көйгөйлүү маселелердин быйылкы жылдын бюджетине киргизилип, “Чыңгыз Айтматов” аймактык башкаруусу боюнча 50 пайыз, “Тайгара” аймактык башкаруусу боюнча 77 пайыз, “Курманбек” аймактык башкаруусу боюнча 50 пайыз, “Спутник” аймактык башкаруусу боюнча 71 пайыз жана “Достук” аймактык башкаруусу боюнча 81 пайыз иштер аткарыларын айтты. Ошондой эле курулуш иштеринин аткарылышы боюнча быйылкы жылга 300 пайызга көбөйтүлгөн. Мэр шаардагы борбордук көчөлөрдү, эс алуу жайларын, “Курманбек” стадионун, ошондой эле тазалык, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган бир топ иш-чаралар бекитилгенин айтып, алар иш жүзүнө ашканда кандай көрүнүштө болорун көрсөттү.
Ал эми шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаев 2015-жылга Жалал-Абад шаардык бюджетинин киреше боюнча жана чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик мекеме-уюмдардын бюджеттик сметалык чыгымдарын тааныштырып, шаардык бюджеттин 2015-жылга киреше бөлүгү 362 миллион 113 200 сом деп болжолдонуп жатканын айтты.