Кар көчкүдөн улам Казарман – Ак-Тал-Чат унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен аталган унаа жолдун 86-87-чакырымына көлөмү 1000 куб метр болгон кар көчкү түшкөн. Учурда Жолдорду жана көпүрөлөрдү тейлөө кызматынан 1 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.