Бишкекте аялын жана милиция кызматкерлерин сабаган жаран кармалды

Борбор калаада аялын сабап, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга С.В. аттуу айымдан билдирүү түшкөн. Анда күйөөсү ур-токмокко алып жатканын билдирип, жардам сураган. Айтылган дарекке келген милиция кызматкерлери аялын сабап жаткан жаран мас абалда экенин аныкташкан. Аны кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерин сөгүп, кийим-кечелерин айрып, каршылык көрсөткөн. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 40 жаштагы М.Э. аттуу Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
iliaz-91-91
2015-02-13 16:13:21
Молодец чыныгы эркеке экен. Бирок аялына кол которбой эле койбоптурда.
-2
aihan77
2015-02-16 02:21:06
Аялды урган эркек эркек эмес катын! Ошондой кучу ашып ташып атса кочого чыгып эркектер менен мушташсын катындан кучун чыгарбай!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан