Борбор калаада Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен бүгүн, 13-февралда белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта аталган жерде милиция кызматкерлери жана тиешелүү адистер иш алып барышууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркумдун денесинен эч кандай жаракаттар табылган эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, ал аял инфаркттан улам каза болушу толук ыктымал. Учурда сөөк соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, маркумдун аты-жөнү такталууда.