Ысык-Көлдөн Сириядагы согуштук аракеттерге 12 адам кеткени айтылууда

Ысык-Көл облусунан Сириядагы согуштук аракеттерге кеткендердин саны 12 адамды түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 

"Учурда Сирияга Ысык-Көлдүн аймагынан 12 адам кеткени аныкталды. Алардын арасында аялдар да бар. Бүгүнкү күндө Каракол шаарынан 4, Тоңдон 2 адам кеткени белгилүү болду. Кеткендердин ичинен бешөө үй-бүлө (аялы-күйөөсү) жана дагы 2 жаран. Учурда аймакта мындай иш-аракеттердин алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө",- дейт С.Усубакунов.    

Айта кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги билдиргендей, өлкө аймагынан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдары башталган. Бүгүнкү күндө ал жакка кеткендердин расмий саны 200-300 адамга чукулдады. Ал эми расмий эмес маалыматтарга ылайык, ал жакка кеткендердин саны мындан да көп. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Сирияга үй-бүлөсү менен, ымыркай балдары менен кеткендер да бар. Алардын басымдуу бөлүгүн түштүк аймактын тургундары түзүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurgul_1980
2015-02-13 17:51:46
Согушка барып эмне азап десен тын эле эли жеринде жата беришпейби
0
RNA78
2015-02-13 18:51:40
Согушка кеткенин эми билишиппи, эрте менен эле эмнеге кеткенинин себептерин аныктап жатабыз дешти эле го?
+1
milan_92
2015-02-13 21:43:05
kununo 1000$ toloit dese ketiwti da
0
argen.kg4
2015-02-14 00:00:06
Аллахым озун туура жол корсот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан