Талас районунун Талды-Булак айылынын 1979-жылы туулган И.Ө. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал 27-январь күнү белгисиз 3 адам Талас шаарындагы стадиондо сабап, уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Талас районунун Көк-Ой айылынын 1982-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну кармалган. Ал эми калган кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери жүрүүдө.