Ысык-Көлдө жааган кардын калыңдыгынан мектептин жана турак жайдын чатыры урады

Ысык-Көлдө кардын калың жаагандыгынан улам мектептин жана турак жайдын чатыры кыйрады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Түп районундагы Талды-Суу айыл аймагынын Талды-Суу айылында 14-февралда саат 01:00 чамасында суу аралаш жааган кардын кесепетинен 1 турак үйдүн чатыры кыйрады. Мындан сырткары Ичке-Суу айылында З.Бөрүбаева атындагы №27-орто мектебинин чатыры кардын оордугунан жарым-жартылай кыйраган. Окуя болгон жерге Жарандык коргонуу комиссиясы барып, материалдык чыгымды тактоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан