Чүй облусунда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, турак жайларга коркунуч жаратты

Чүй облусунда жер алдындагы суулар көтөрүлүп, турак жайларга коркунуч жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Маевка айыл аймагынын Маевка айылында 14-февралда саат 09:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Садовая көчөсүндө жер астындагы суу көтөрүлүп, айылдын 10го жакын турак үйдүн короосун жана чарбалык курулуштарын суу каптап кеткен. Суунун кесепеттерин жоюу боюнча ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынан 1 экскаватор тартылып, 251 метр арык салынды. Жасалган жумуштун көлөмү 200 куб метр жана 2 жабык дренаждан суулар сордурулуп алынды. Кырсыкты жоюу жумуштары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан