Чаткалдагы “Терек-Сай” шахтасында 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 14-февраль күнү саат 19:30 чамасында болгон. Анда аталган шахтада өз алдынча сурьма казып жаткан 3 адам газга ууланып каза табышкан.
Каза болгондор:
1. Жаркулов Үмөталы, 1981-жылы туулган, Терек-Сай айыл аймагындагы Терек-Сай айылынын тургуну;
2. Рыскулов Султанмурат, 1977-жылы туулган, Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылынын тургуну;
3. Апасов Мырзалы, 1985-жылы туулган, Ала-Бука районунун Достук айылынын тургуну.