Маалыматка ылайык, белгисиз себептерден улам өз энеси 4 жаштагы кызын жана 3 жаштагы уулун бир нече жолу бычактап, алар каза табышкан болчу. Бул окуя болгон жерден кылмышка шектүү катары алардын апасы кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү аял бул окуя тууралуу жакын тууганына билдирип, андан соң өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген. Окуя болгон жерден ашкана бычагы табылган. Учурда кылмыштын келип чыгуу себептери такталып, иликтөө иштери улантылууда.