Кочкор районунда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты

Кочкор районунун Сүттүү-Булак тилкесинде жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-февраль күнү саат 16:25 чамасында Ауди С-4 үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа бет маңдайы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан