Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан каза тапкан 2 адамдын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт жолунун 33-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц-С-180 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын 1 жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып каза болуп, 2-жүргүнчүсү ооруканага жетпей жолдон көз жумган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп, каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.