Чүй районунда айдоочу 7 жаштагы кызды сүзүп, ал оор жаракаттардан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-февраль күнү эртең мененки саат 07:45 чамасында болгон. Хонда-Стрим үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан айдоочу 1-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам кыз окуя болгон жерден көз жумган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери улантылууда.