Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Коррупцияга каршы кызматынан К.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Чүй облустук прокуратурасынын кызматкери Б.М. аны кармай турганын айтып коркутуп, 1500 доллар талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Б.М. жана Жайыл райондук прокуратурасынын коомдук жардамчысы С.Н. кармалган. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.