Бишкекте шаар тургунун зордуктап, уюлдук телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам тапанча менен коркутуп зордуктаганын жана уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Ю.К. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.