Кочкордогу жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 15-февраль күнү Теңдик айылында болгон. Анда Хонда Фит унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Кырсыктан унаанын ичиндеги 6 адам жабыркаган. Алар "Тез жардам" тарабынан ооруканага жеткирилишкен.