Таласта казак жараны ок атуучу курал менен кармалды

Таласта казак жараны ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас районунда убактылуу жашаган казак жараны Шарип Ниязовго таандык унаа текшерүүгө алынган. Анын негизинде эч кандай уруксат документтери жок эки даана сайлуу ок атуучу курал табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан