Кечээ, 16-февраль күнү саат 21:26 чамасында Нарын облусунун аймагында күчү 2-2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Баетов айылынан түштүк-чыгышты карай 17 чакырым, Учкун айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым, Нарын шаарынан түштүк-батышты карай 75 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.