Майлуу-Сууда союлуп, 36 кожолукка таратылган малдын этинен сибирь жарасынын козгогучу табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-февраль күнү Майлуу-Суу шаардык ооруканасына 7 адам сибирь жарасына күмөндүү болуп жаткырылган. Азыркы убакта абалдары жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Айта кетсек, 2015-жылдын 24-январында Көк-Таш айылынын тургуну Сайбидин Мурзалиевдин малын кошуналары союшуп, 36 кожолукка таркатышкан. Союлган малдын этинен алынып, ооруну аныктоо максатында Ноокен райондук ветеринардык лабораториясына жөнөтүлгөн. 2015-жылдын 11-февралында №11/2 корутундусунун негизинде малдын этинен сибирь жарасынын козгогучу табылган. Мындан улам Майлуу-Суу шаардык ветеринардык кызматынын жана Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкерлери тарабынан 481 баш кой-эчки, 357 уй, 2 жылкы, 4 эшек, 3 ит сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөрүлдү.