Ошто электр энергиясынын керектелишин текшерүүчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто электр энергиясынын керектелишин текшерүүчү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, электр энергиясынын керектелишин текшерүүчү Ош шаарынын тургунунан 5000 сом талап кылган. Бул үчүн ал 10 миң сомдук карызын жоюп берүү убадасын берген. Мындан улам иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан