Ошто күйүүчү май ташыган жеке ишкана тарабынан салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Ошто күйүүчү май ташыган жеке ишкана тарабынан салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы “ТД” ишканасы күйүүчү майды сатуудан 163 миллион 769 миң сом киреше тапкан. Бирок ал тиешелүү салыктарды төлөгөн эмес. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аталган ишкана мамлекетке 3 миллион 537 миң сом салык төлөшү керектиги аныкталган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
as.fanat
2015-02-17 11:37:20
..."ынсап" деген ушул да! Ушинтсек анан Кыргызстан качан өнүгөт...163 миллион 769 миң сом киреше таап...3 миллион 537 миң сом салык төлө албай калдывы ааа...ынсап, ынсап, ынсап...кыргыздар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан