Борбордо тууганын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Борбор калаада тууганын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "102" кызматына Көк-Жар кичи районунда ичимдик ичип жаткан жарандар урушуп, бири экинчисин бычактап салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 27 жаштагы А.Тимур аттуу жарандын бычактан жараат алганын аныкташкан. Ал "Тез жардам" кызматы келгиче окуя болгон жерден көз жумган. Бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Э.Алмаз аттуу маркумдун тууганы кармалды. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан