Сокулукта таксистти сабап, унаасын тартып алгандар изделүүдө

Сокулукта таксистти сабап, унаасын тартып алгандар изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 3-февраль күнү болгон. Анда белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Фрунзе-Алматы көчөсүнүн кесилишинде кардарын күтүп турган таксистке келишип, Сокулук районунун Селекция айылына чейин жеткирип коюшун суранышкан. Бирок алар белгиленген жерге жеткенде айдоочуну сабашып, уюлдук телефонун, унаасын тартып алышкан. Бул сүрөттөгү адамды таанып-билгендер (0 701) 28-82-76, (0 550) 33-28-58, (0 709) 48-72-33 номурларына чалышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан