Орусияда зордуктоо боюнча айыпталган 25 жаштагы кыргызстандык жаран 3,5 жылга эркинен ажыратылды

Пермь шаарында зордуктоо боюнча айыпталган 25 жаштагы кыргызстандык жаран 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, бул окуя өткөн жылдын 30-июнунда болгон. Анда Тургенев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан кыргызстандык жаран күч колдонуу менен айымды зордуктап койгон. Бул факт боюнча ага карата "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 
Соттук териштирүүлөрдүн алкагында кылмышка шектүү күнөөлүү деп табылып, 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Айрым маалыматтарга ылайык, кыргызстандык жаран эч жакта иштеген эмес жана туруктуу жашоочу жайы да болгон эмес.  
 
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан