Мамлекеттик күзөт кызматы 1330 маанилүү мекемени кайтарат. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик күзөт кызматы 2753 объектини кайтарат. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 6,4 пайызга өскөн. Алардын ичинен милиция менен кайтарылуучу объекттердин саны 721ден 725ке көбөйгөн. Белгилей кетсек, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кайтаруусундагы объектилердин 1330у өтө маанилүү мекемелер болуп эсептелет.