Борбор калаада таанышынын унаасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 40 жаштагы А.К. аттуу жаран кайрылган. Анда Дмитрий аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен БМВ үлгүсүндөгү унаасын тартып алгандыгын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Ю.Д. аттуу жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.