Ноокенде кытай ишканасын карактагандар кармалышты

Ноокенде кытай ишканасын карактагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-февраль күнү саат 22:00 чамасында аталган райондун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан мурунку нефть өндүрүүчү жерди цементтеп жаткан кытайлык “Тайлы КЭР” ишканасынын имаратынан белгисиз эки адам кирип, кызматкерди темир менен башка чаап, бөлмөдөгү сейфти алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кочкор-Ата шаарынын үч тургуну кармалган.

Алардын айтымдарында, кармалгандардын бири 12-февраль күнү жумушка орношуу үчүн аталган ишканага барып, ал жерде кытай жаранынын акча санап жатканын көрүп калган. Ошол күнү бул тууралуу эки досуна айтып, ишкананы карактоо максатында барышып, сейфти алып кетишкен. Бирок алар сейфтин ичинен документтерден башка эч нерсе таба алышкан эмес.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairatmyn
2015-02-18 12:36:23
Уха ха ха эээй Кыргызбайлар аларды дуйнонун эн акылдуу адамдары деп коёт. Алар Кыргызбайлар эмес эски сейфке жат адамдын козунчо акча салып коюп койгудай аларды Кытайлар деп коёт. Уха ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан