Орусияда зордуктоого шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын август айында Красноярск шаарынын 20 жаштагы тургунун эки белгисиз адам кезектешип зордуктап, андан соң баалуу буюмдарын алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын 15-февралында кылмышка шектүүлөрдүн бири Москва шаарынан кармалган. Ал Кыргызстандын жараны болгон. Учурда экинчисин кармоо иштери жүрүп жатат.