Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 17-чакырымында болгон. Анда 39 жаштагы БМВ-Х5 үлгүсүндөгү унаанын Ю.Р. аттуу айдоочусу рулду башкара албай түркүктү сүзгөн. Оор жаракаттардан улам айдоочу окуя болгон жерден көз жумган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан