Бишкек шаарында 12 жаштагы мектеп окуучусун тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жаран бычак менен коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун алып кеткен. Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда.