Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу 12 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 17-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 22-чакырымында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 23 жаштагы айдоочу жолдон өтүп бараткан 12 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Катуу соккудан баланын мээси чайкалып, башынан оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.